Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертацияны коргоо жөнүндөгү
ЖАРЫЯ
2022-жылдын 30-июнунда саат 10:00дө Бишкек шаарынын И.Раззаков көчөсү 51А дареги боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине караштуу
филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын коргоо боюнча түзүлгөн Д 10.22.644 диссертациялык кеңештин жыйынында Кайымова Парида Мурзакамиловнанын «Салыштыруу функционалдык-
семантикалык алкак катары» аттуу 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын коргоосу болот.
Коргоонун онлайн трансляциясынын идентификациялык коду: https://vc1.vak.kg/b/102-tnx-0sb-9mu
Илимий жетекчиси:
Зулпукаров Капар Зулпукарович, филология илимдеринин доктору, профессор, Ош мамлекеттик университетинин Лингвистикалык изилдөөлөр борборунун директору
Расмий оппоненттер:
Кенжебаев Даирбек Орунбекович, филология илимдеринин доктору, доцент, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чыгыштаануу жана эл аралык мамилелер факультетинин чыгыш тилдер кафедрасынын профессорунун м.а.
Шаршенбаев Акылбек Кадырбекович, филология илимдеринин кандидаты, доцент, Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун Мамлекеттик тил боюнча проректору
Жетектөөчү мекеме: Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасы. Дареги: 715600, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү, 57.
Диссертациялык иш менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (720026, Бишкек ш., И.Раззаков, көчөсү, 51А) жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин (720044, Бишкек ш., Ч.Айтматов
проспектиси, 27) илимий китепканаларынан, ошондой эле диссертациялык кеңештин расмий сайтынан (www.arabaev.kg) таанышууга болот.
Д 10.22.644 диссертациялык кеңештин
окумуштуу катчысы, ф.и.к., доцент С.К.Каратаева