Жарыя юридикалык илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн коргоо жѳнүндѳ
2021-жылдын 16 июнда саат 14.00дө Кыргыз Республикасынын А.А. Алтымышбаев атындагы Улуттук илимдер академиясынын Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтуна, Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетине жана Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясына караштуу Д 12.20.617 диссертациялык кеңешинин отурумунда 12.00.02 - конституциялык укук, муниципалдык укук адистиги боюнча «Кыргыз Республикасынын жарандары менен иш алып барууда Жогорку Кенештин ишмердүүлүгүнүн теориялык-укуктук негиздери» аттуу темадагы юридика илимдеринин кандидаты илимий даражасын изденүүгө сунуштаган Тотубаева Айнагүл Төлөмүшовнанын диссертациясы корголот. Дареги: 720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чуй көч., 265-а, диссертациялык зал (1кабат)
Илимий жетекчи – юридика илимдеринин доктору, доцент, Кыргыз Республикасынын А.А. Алтмышбаев атындагы Улуттук илимдер академиясынын философия, укук жана социалдык укуктук изилдөөлөр институтунун укук бөлүмүнүн башчысы Токтогулов Алмаз Асылбекович.
Расмий оппоненттер:
Биринчи расмий оппонент: саясий жана юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын профессору Канатбек Азиз;
Экинчи расмий оппонент: юридика илимдеринин кандидаты, доцент Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети «Конституциялык укук» кафедрасынын доценти Токтомбаева Айдай Жыргалбековна;
Жетектѳѳчү уюм: Ош мамлекеттик юридикалык институтунун «конституциялык укук жана муниципалдык укук» кафедрасы (714018, Кыргыз Республикасы, Ош ш., Салиева көчөсү, 40 В).
Диссертация менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасынан, дареги: 720071, Бишкек ш., Чүй проспекти, 265-а; Кыргыз-Россия Славян университетинин китепканасынан, дареги: 720021, Бишкек ш., Киев көчөсү, 44; Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясынын китепканасынан, дареги: 720031, Бишкек ш., Белорусская көчөсү 6-а, жана disserlaw.krsu.edu.kg. сайтынан таанышууга болот.
Жеке конференциянын идентификатору– https://vc.vak.kg/b/12--gth-cfb-fhr
Д 12.20.617 Диссертациялык
кенештин тѳрагасы
ю.и.д., профессор Арабаев Ч.И.