Илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияны коргоо жөнүндөгү
ЖАРЫЯ
2023-жылдын 22-декабрында саат 13.00 дө Бишкек шаарындагы И. Арабаев атындагы КМУнун жана Ж. Баласагын атындагы КУУнун алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) жана психология илимдеринин кандидаты даражасын ыйгаруу боюнча Д 13.23.673
диссертациялык кеңеши Кенжешев Каныбек Дүйшөналиевичтин «Кыргыз адабиятын жогорку класстарда этнопедагогикалык негизде окутуунун методикасы» деген темадагы 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз адабияты) адистиги боюнча педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын коргоого диссертациясын койгондугун кулактандырат. Дареги: 720023, Бишкек шаары, Т. Саманчин көчөсү, 10 А.
Илимий кеңешчи: Ишекеев Назаркул Ишекеевич, педагогика илимдеринин доктору, профессор КРнын УИАнын корреспондент-мүчөсү.
Расмий оппоненттер: Рысбаев Сулайман Казыбаевич, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын филологиялык билим берүү лабораториясынын башкы илимий кызматкери;
Култаева Үмүт Баймуратовна, филология илимдеринин доктору, профессор, «Тил билги» жогорку автордук мектебинин директору;
Саттарова Азиза Тешабаевна , педагогика илимдеринин доктору, доцент, М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы.
Жетектөөчү мекеме: Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты, педагогика жана психология кафедралары. Дареги:715600, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад ш., Ленин көч., 57.
Диссертациялык иш менен И. Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун китепканаларынан жана http:arabaev.kg/do.kg сайтынан таанышууга болот.
Диссертациянын коргоосунун онлайн трансляциялоонун кирүү коду:
https://vc.vak.kg/b/d13- oyf-pc2-yyg
Диссертациялык кеңештин
төрагасы, п.и.д., профессор: А. Ж. Муратов